• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Амантуров: Быйыл Бишкек шаарында 40 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында 40 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Анын айтымында, учурда борбор калаада жолдорго асфальт төшөө, жөө адамдар үчүн баса турган жолдорду салуу иштери жүрүп жатат.

"Ар бир райондо иштер башталган. Бишкек шаары боюнча 40 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Кыскача айтканда, ар бир райондо 10 чакырымдан жол салынышы керек. Ошондой эле ар бир райондо жөө адамдар баса турган 10 чакырымдан жол салынат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий