• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Америка: Фениксдеги зоопаркта ягуар селфи жасап жаткан аялга кол салды

Дүйнө 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Американын Феникс шаарындагы зоопаркта ягуар селфи жасап жаткан аялга кол салды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы аял тордун жанына барып, селфи жасайын деген.

Аял торго өтө жакын туруп калгандыктан, ягуар анын колун тиштеп алган. Ал кооптуу жаракат алган жок.

Зоопарктын директору Мики Оллсон маалыматы боюнча, жырткыч буга чейин да адамдарга кол салганын, бирок мынчалык олуттуу жаракат албаганын билдирди. Аял орнотулган тосмонун ичине кирип кеткенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий