• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Америка университетиндеги бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок

Коом 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинин имаратына жардыруучу зат коюлду деген маалымат тастыкталган жок,-деп билдиришти УКМКдан.

26-апрелде болжол менен саат 13:37 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө БААУ имаратында жардыруучу зат бар деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам түрдө УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышкан.

Окуу жайдын тегерек-чети тосулган. Текшерүү маалында эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

Учурда УКМК ким маалымат тараткандыгын табууу максатында ыкчам-издөө иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Окуу имараты кадимди тартипте иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий