• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Америка өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда Кыргызстанга жардам берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Монтана штатынын генерал-адъютанты, АКШнын генерал-майору Джон П.Ронек менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Америка тарап өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатууда Кыргыз Республикасына жардам берүүгө даяр экенин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий