• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Америкада полиция кызматкерлери кыргызстандыкты атып салган – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарында полиция кызматкерлери кыргызстандыкты атып салган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин маалыматы боюнча, 1993-жылы туулган М.Н. аттуу Кыргызстандын жаранынын каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, КР жаранынын өлүмүнүн себеби 5-октябрда Пенсильвания полициясы тарабынан көптөгөн ок атуусу болгон.

Элчилик тарабынан дароо АКШнын Мамлекеттик департаментине жана Ички коопсуздук министрлигине иштин бардык чоо-жайын түшүндүрүү өтүнүчү жөнөтүлгөн. Учурда элчилик алардан жооп күтүүдө.

Каза болгон жарандын туугандары зарыл документтер даяр болору менен сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүнү пландап жатышат.

Өз кезегинде элчилик маркумдун бир тууган агасы менен тыгыз байланышта болуп, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү документтерди даярдоого зарыл жардамды көрсөтөт.

Аталган маселе министрликтин жана Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий