• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Америкалык артист Крис Браун Инстаграмда Жан Воинов бийлеп жаткан видеону жарыялаган

Коом 0

Бишкек, 14-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Америкалык артист Крис Браун өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына кыргызстандык бийчи Жан Воинов бийлеп жаткан видеону жарыялаган.

Блогер Кайрат Бекмамбетов билдиргендей, ролик 20 сааттын ичинде 800 миң көрүүчү топтоп, көптөгөн комментарийлер жазылган. Анын ичинде россиялык жылдыздар, Тимати жана Влад Соколовский өз пикирин калтырган.

Жан Воиновдун айтымында, ролик Лос-Анджелесте америкалык бийчилер Поппинг Джона жана Буги Франтиканын катышуусунда тартылган. “Мен үчүн бул сыймык. Дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздардын баракчаларынан өзүңдү көрүү абдан жагымдуу. Мен “Бир кадам алдыга 3D” тасмасынын хореографиясын койгон Джон жана Франтика менен таанышып бактылуумун. Бул тасма америкалык “Минута Славы” долбооруна катышкан”, - деп ой бөлүшкөн бийчи.

Жаңылык жарыяланган учурда Крис Браундун Инстаграмына 36 млн ашык адам катталган.

Пикир

Оставить комментарий