• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Америкалык кинорежиссер кыргызстандык кинематографисттерге мастер-класс өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Америкалык кинорежиссер Риза Сандерс-Вейр жергиликтүү кинематографисттер үчүн мастер-класс өткөрүп, Кыргызстандын жаштарына өзүнүн «Gadget Girls» даректүү тасмасын тартуулайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, элчилик American Film Showcase программасы менен биргеликте америкалык режиссер-документалистти мастер-класстарды, көргөзүүлөрдү жана талкууларды өткөрүү үчүн чакырган.

Ошентип, 20-24-июнда Америка борборлорунда жана Кыргыз улуттук университети, Борбор Азиядагы Америка университети, Нарын мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Медиа, ТВ жана журналистика бөлүмдөрүнүн студенттери жана мугалимдери үчүн мастер-класстар, көргөзүүлөр жана талкуулар уюштурулат.

Режиссер ошондой эле даректүү тасма тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн жергиликтүү кинематографисттерге семинарларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий