• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Америкалык окумуштуулар Facebook'ду наркотикке теңеди

Дүйнө 0

Бишкек. 15.01.19 /Кабар/. Америкалык окумуштуулар Facebook'ду наркотикке теңеп, бул социалдык баракча адамдын мээсине героин сыяктуу таасир берет деген тыянакка келишти, деп жазат Bloomberg басылмасы.

Мичиган университетинин окумуштуулары өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгы Journal of Behaviour Addictions журналында жарыяланган.

Университеттин доктору Дара Мешинин маалыматы боюнча, дүйнөдөгү адамдардын үчтөн бир бөлүгү социалдык тармактарды колдонот. Алардын көпчүлүгү өз жашоосун соцтармаксыз таптакыр элестете албайт.

Экспериментке 71 адам катышкан. Адистер болжолдогондой эле, катышуучуларынын көпчүлүгүндө психикасынын жабыркагандыгы байкалган.

Психиатрлар экспериментке катышкандарды "наркомандар" менен теңешти, анткени алар менен соцтармактарды колдонгондордун абалы окшош. Анткени айрым колдонуучулар наркотикке көз каранды адамдар сыяктуу эле, соцтармактардан баш тарта алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий