• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Америкалык окумуштуулар жүрөк рагынын себебин аныкташты

Ден соолук 0

Бишкек. 28.02.19 /Кабар/. Америкадагы Мичиган университетинин жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча борборунун адистери жүрөк рагынын негизги себебин аташты. Бул тууралуу Medical Xpress кабарлады.

Изилдөөлөргө ылайык, айыкпас дарт жүрөктө чанда кездешет, жылына 100 миң адамдын экөөсүндө катталышы мүмкүн. Ошентсе да аталган ооруу АКШ боюнча кеңири жайылган өлүм себептеринин бири болуп саналат.

"Кардиохирургдар жалпы практикасында мындай абал менен бир же эки жолу гана жолугушу мүмкүн. Жүрөк рагына чалдыккандардын 75 пайызга жакыны билинбейт. Негизи рактын жайылган түрүнө өпкө, көкүрөк жана башка органдар кирет. Эгер жүрөктөн ооруса, бул генетикага байланыштуу болушу да ыктымал", - деп белгилейт кардиохирург Моника Леха.

Андан сырткары, окумуштуулар жүрөктүн туура эмес жайгашканына байланыштуу да бул оорууга кабылуу мүмкүн экендигин кошумчалашкан.

Хирургдардын айтымында, айыкпас дартка чалдыккан жүрөк иштөөгө жөндөмдүү жана көпкө чыдайт. Хирургдук жардам көрсөтүлбөгөн учурда жүрөк инфарктына алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий