• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Америкалык сумо боюнча дүйнө чемпиону ДКОдо эмнелерге туш болду?

ДКО 2018 0

Чоллпон-Ата, 05.09.18. /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында сумо боюнча мелдештер өтүүдө. Спортчулар жана коноктор “Кабар” агенттигине үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан алган таасирлери, сезимдери менен бөлүшүштү.

Көчмөндөр оюндары тууралуу чет өлкөлүктөрдөн жакшы сөздөрдү угуу, өзгөчө буга чейин Кыргызстанга келбеген коноктордун оозунан өлкөбүз тууралуу жакшы пикирлерин угуу сыймыктандырат.

Австралиялык Ден Баззана Кыргызстанга келгенине эч качан өкүнбөй турганын билдирди. Ачык, меймандос, дайыма жардам колун сунууга даяр жана боорукер адамдар анын ДКОдо өтүп жаткан күндөрүн кубанычтуу кылган.

Ал сумо спорттун аябай кызыктуу түрү экенин, ал эми 20 өлкөдөн келген атаандаштары күчтүү экенин айтып берди. Спортчу үчүн кыргыздын тамак-ашына көнүү кыйынчылык туудурган, андыктан өзүнүн организмин көндүрүүгө туура келген.

Интервью берүүнү каалагандарды издеп жүрүп дүйнөнүн сумо боюнча эки жолку чемпиону, Европанын 10 жолку чемпиону АКШлык Стилан Георгиевге жолугуп калдык.

Ал Көчмөндөр оюндары тууралуу кыргыз күрөштүн америкалык федерациясынын президентинен уккан.

Австралиядан келген конок сыяктуу Стилан дагы тамак-ашты сиңире албай кыйналган. Америкалык спортчуга баарынан мурда биздин тоолор жаккан.

Мелдештердин дагы бир ардактуу коноктору Азиз байке жана Алымбек байке. Алар атайын Жалал-Абаддан оюнду көрүүгө жана сумочу Алмаз Ергешовду колдоо үчүн келишкендигин айтышты.

у

Аларга Россия, Япония, Индиядан келген спортчулардын даярдыктары жаккан. Ошондой эле АКШдан дүйнө чемпионунун келгенине кубанышканын жашырышкан жок.

Кыргызстандыктар уюштуруу комитетине жана коопсуздук чараларын көргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий