• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Америкалык тургун 245 жаныбарды үйгө баккандыктан 3 баласынан ажыраган

Дүйнө 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Американын Флорида штатынын тургуну 245 жаныбарды үйгө баккандыктан Балдар жана үй-бүлөлүк иштер боюнча департаменти 3 баланы өз карамагына алып алган. Бул тууралуу полиция кызматы Facebook баракчасына билдиргенин Известия басылмасы жазып чыкты.

Грегг Нельсон өзүнүн жубайы менен болгон мамилесин токтотууну каалап полиция кызматына кайрылгандан кийин гана окуя ачыкка чыккан. Нельсон өзүнүн жубайы, анын курбусу жана көптөгөн жаныбарлар бир үйдө жашагандыктан балдарын башка жакка алып кетүүсүн айткан. Бирок, анын аялы бул чечимге каршы болгон.

Нельсондун айткан жерине барган полиция кызматы үйдө 8-10 жаштагы үч кызды жана 245 жаныбарды байкашкан. Ал жерде төрт ит, эки мышык, он эки коен, төрт хомяк, он төрт чымчык, таш бака, кирпи, болжол менен 200дөй чычкан жана башкалар табылган. Үйдүн ичин жаныбарлардын заарасы жана заңы каптап кеткен.

Полиция кызматынын жетекчиси Джо Мамонинин айтымында, аталган үй жашоосундагы көргөн "эң жаман" жер болгон.

Балдар жана үй-бүлөлүк иштер боюнча департаментинин кызматкерлери балдардын жакынкы туугандары кайрылмайынча балдарды өз карамагына алган. Ал эми жаныбарлар атайын башпаанек жерге жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий