• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Америкалык туристтердин Өзбекстанга кызыгуусу артууда

Дүйнө 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Учурда Америкалык ММКларда жана туристтердин жазгандарында Өзбекстанды жаңы туризмдин өлкөсү катары тааныткан макалалар көп чыгууда.

Акыркы жумада Өзбекстандын туризм тармагын чагылдырган макалалар АКШнын эң чоң ММКларында байма-бай жарык көрүп жатат. Алар: «Си-эн-эн», «Вашингтон пост», «Вашингтон таймс», «Блумберг» басылмалары.

“Блумберг» Өзбекстандагы Шахрисабзе шаары жөнүндө көлөмдүү фото материал жасап, окурмандарын тез арада бул шаарга барууну чакырган.

«Си-эн-эн» болсо Өзбекстандын бир катар, тагыраагы Самарканд, Хив жана Ташкент шаарларына токтолуп, жаратылыш кооздугун сүрөттөгөн.

«Вашингтон пост» гезити Өзбекстанды жашыл туризмди каалагандар үчүн перспективдүү багыт катары көрсөткөн. Тоо лыжасы, тоого чыгуу, кайыкта сүзүүгө жакшы шарттар бар экенин басып чыккан.

Башка гезиттерден «Вашингтон таймс» дагы артта калган эмес. Ал Өзбекстанды уникалдуу жана кызыктуу мамлекет катары сүрөттөп, анын тарыхы, жаратылышы, архитектурасы, дини жана улуттук ашканасына кеңири токтолгон.

Мындан тышкары Өзбекстандын кооздугу профессионалдуу туристтик басылмаларда, блогдордо, жеке туристтердин сүрөт альбомдорунда байма-бай чагылдырууда.

Булагы: EurasiaNet.org

Пикир

Оставить комментарий