• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Америкалыктар асырап алган КР балдары жолугушту

Коом 0

Бишкек, 28-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 23-25-июнда Вашингтон шаарында “Кыргызстан – Мурастар күнү” – Кыргызстандык балдардын жолугушуусу өттү.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга америкалык үй-бүлөлөр асырап алган Калифорния, Юта, Техас, Теннеси, Монтана,Огайо, Северная Дакота, Нью-Гэмпшир, Пенсильвания, Мэриленд жана Вирджиния штаттарынан келген балдар чакырылган.

АКШдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү кыргыз элинин маданиятын жана салттарын, мамлекеттик белгилерин, кыргыз ырларын жана бийин үйрөнүү боюнча сабактарга активдүү катышышты.

Соңунда концерт берилип, балдар кыргыз ыр-бийлерин аткарышып, элчиликтин кызматкерлери балдар үчүн комузда ойноп, “Датка” бий тобу кыргыз бийлерин аткарып беришти.

Жыйынтыгында, 25-июнда, жаратылыш койнунда жолугушуу өтүп, балдар боз үй тигүүгө катышып, кыргыз улуттук оюндарын ойношту.

Бул иш чара «The Kyrgyz Children's Future» (“Кыргызстан балдарынын келечеги”) жана Кыргыз Республикасынын АКШ менен Канададагы элчилигинин колдоосу менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий