• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Американын пляждарынын биринде 8 адам чагылгандан жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 22.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Американын Клируотер шаарынын суу жээгинде 8 адам чагылгандан жабыркады. Бул тууралуу WFLA телеканалы жазып чыкты.

Флорида штатында болгон кырсыкта бир адамдын жүрөгү токтоп калган. Учурда ал оор абалда экенин WFLA телеканалы жазат.

Беш адам ооруканага жеткирилген, калган үчөө дарылануудан баш тарткан.

CNN телеканалынын маалыматы боюнча, чагылгандан жабыр тарткан адамдардын экөө чет элдик жарандар.

Пикир

Оставить комментарий