• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Америкада өткөн чемпионатта кыргызстандык 2 жигит байгелүү орундарды багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Кыргызстандык Билимбек Алмаматов жана Тынчтык Мамасадыков Американын Техас штатындагы Түндүк Ричлэнд шаарында өткөн "Pan 2021 NO GI" чемпионатында байгелүү орундарды багындырышты.

Маалым болгондой, IBJJF уюштурган спорттук иш-чара үстүбүздөгү жылдын 15-16-май күндөрү өткөн. Анда Тынчтык Мамасадыков алтын, Билимбек Алмаматов болсо күмүш медаль тагынышты.

Тынчтык Мамасадыков 67 кг салмакта Пан-Американын 2021-жылкы чемпиону болуп, машыктыруучусу Омар Окасио тарабынан purple belt (көк кур) ыйгарылды.

Эске салсак кетсек, Билимбек Алмаматов 2020-жылдын Пан-Америкалык 2 жолку чемпиону болгон (purple belt).

Пикир

Оставить комментарий