• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Американын тургуну банкты тоноп, акчаларды асманга чачкан

Дүйнө 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Американын тургуну Колорадо-Спрингс шаарындагы жайгашкан банктагы акчаларды тоноп, аны асманга чачканын Hill басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, эркек киши банкты тоногондон кийин көчөгө чуркап чыгып, "Рождество майрамыңыздар менен", - деп кыйкыруу менен акчаларды асманга чачкан.

Окуя дүйшөмбү күнү кечинде болгон.

Күбөнүн айтымында, шектүү акчаларды асманга чачкандан кийин жакынкы кофе ичүүчү жайга барып, полиция кызматын күтүп отурган.

Полициянын билдирүүсүндө, кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн эмес. Укук коргоочулар шектүүнүн өздүгүн такташкан. Ал 65 жаштагы Дэвид Оливер болгон.

Асманга чачкан акчаларды банктын алдындагы эл чогултуп, банкка кайтарып берген.

Пикир

Оставить комментарий