• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Американын тургуну кантип 150 килограммга арыктаганын айтып берди

Дүйнө 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Американын Род-Айленд штатынын тургуну Майк Горман кантип эки жылда 150 килограммга арыктаганын айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

Анын айтымында, ал психогендик (физикалык, психологиялык комплекстүү көйгөй) ашыкча тамактануу менен жапа чегип келген. Горман күнүнө 20 миңден ашык калориясы бар азык жеген жана 46 жашында салмагы 250 килограмм болгон.

Американын тургуну ден соолугунда олуттуу көйгөй жаралганда гана арыктоону чечкен.

Горман азыктын курамында углеводдун аз өлчөмдө болгон кетоген диетасын карманган. Ошондой эле машыгуу залына барып турган. Ушундай нукта ал 2 жыл ичинде 150 килограммга арыктаган.

Майк Горман белгилегендей, арыктоодогу эң негизги эреже – өзүңө ишенүү.

Пикир

Оставить комментарий