• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Анализдерди антисанитардык шарттарда тепкичте алып жаткан факты териштирилүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20 /Кабар/. Социалдык тармактарда медиктер коронавирустук инфекцияга карата анализдерди антисанитардык шарттарда тепкичте алып жаткан сүрөт тараган.

Бүгүн өкмөт үйүндө маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, бул боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары окуянын бардык жагдайлары такталып бүткөндөн кийин маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий