• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ананьеводо газдын жарылуусунан жабыркаган жаран көз жумду

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Бүгүн, 22-июнда саат 06:00 чамасында Ананьеводогу газдын жарылуусунан жабыркаган 1956-жылы туулган Б. А. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көз жумган жарандын башы, бети, мойну күйүп II даражадагы күйүк алган, денеси 100% жабыркаган.

Мындан тышкары маалыматта Чолпон-Ата шаарындагы бейтапкананын кайра жандандыруу бөлүмүндө 3 бейтап жатканы, алардын абалы оор экени айтылат. Хирургия бөлүмүндө 3 бейтаптын абалы өтө оор эмес экени белгилүү болду. Жабыркагандар кан, дары-дармек жагынан толук камсыз болгон.

Аталган министрликтен билдиришкендей 23-июнда саат 10:00дө Чолпон-Атадагы аймактык ооруканага Бишкек шаарындагы травматалогия жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун комбустиолог дарыгери барат. Жабыркаган бейтаптарды Бишкекке которуу алардын абалынын оор болгонуна байланыштуу токтотулган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 19-июнунда саат 17:10 чамаларында Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында газ толтуруучу станцияда жарылуу болуп, эки адам көз жумган. 7 адам оор абалда, алардын айрымдарынын денесинин 90% күйүп кеткен.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев каза болгондордун жана жабыркагандардын үй бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий