• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ананьеводо жабыркагандардын бешөө реанимацияда жатат (тизме)

Кырсык 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы газ толтуруучу станциядагы жарылуудан жабыркаган 8 адамдын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламатык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 8 адам жабыркаган, бейтапканага 7 адам жеткирилип, дагы бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Чолпон-Ата шаарындагы бейтапканада учурда 5 адам жатат.

Алар:

1958-жылы туулган Б.В., - денеси II даражадагы күйүк алган 60%

1956-жылы туулган Б.А., - башы, бети, моюну, денесинин жогору жагы күйгөн. II даражадагы күйүк алган 90%

1960-жылы туулган А.Б., – башы, бети, моюну, денеси күйгөн. II даражадагы күйүк алган 80 %. (бейтап атайын аппаратта жатат)

1971-жылы туулган М.Н. – башы, бети, моюну, денеси күйгөн. II даражадагы күйүк алган 60%;

1979-жылы туулган М.У.,- бети, башы, моюну, денеси күйгөн. II даражадагы күйүк алган 80- 90%;

Хирургия бөлүмүндө 2 адам дарыланууда:

1988-жылы туулган Ж. С.,- башы, бети, моюну, арты күйгөн. II даражадагы күйүк алган 45%;

1992-жылы туулган Б. К.,- башы, бети, моюну күйгөн. II даражадагы күйүк алган 45 %.

Пикир

Оставить комментарий