• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ананьеводо жарылуудан каза тапкандардын саны төрткө жетти

Аймак 0

Бишкек, 30-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көлдүн Ананьево аыйлындагы газ толтуруучу станциядагы жарылуудан каза болгондордун саны төрткө жеткенин “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июнда жандандыруу бөлүмүндө жаткан 69 жаштагы киши денесинде алган күйүктөн улам каза болду. Анын денесинин 65%пайызы күйүп, 45% өтө оор күйгөн.

Учурда жандандыруу бөлүмүндө эки, ал эми күйүк бөлүмүндө үч жаран жатат. Алардын абалы өтө оор экени айтылууда.

Бардык жабыркагандар тиешелүү дары дармектер менен камсыздалган. Мед кызматкерлер бардык аракеттерин көрүп жатышат деп билдирди аталган министрлик.

Эскерте кетсек, 19-июнда Ысык-Көлдөгү Ананьево айылындагы газ толтуручуу станциясында жарылуу болуп, андан чоң киши менен жаш бала дароо көз жумган. 8 бейтап ооруканага жеткирилген. Алардын 7сү ооруканага жаткырылган. 22-июнда дагы бир жабыркаган бейтап каза болгон. Анын денеси 100%га күйүп кеткени айтылган.

Пикир

Оставить комментарий