• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Анара Мамбеталиева тарабынан айтылган Мамэкотехинспекциядагы мыйзам бузуулардын жыйынтыгы чыкты

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердигинде Анара Мамбеталиеванын кайрылуусунда келтирилген коррупциянын айрым фактыларын изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

А.Мамбеталиеваны Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы кызматынан бошотуу маселеси боюнча Комиссия төмөндөгүлөрдү аныктады.

А.Мамбеталиеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган. Бул тууралуу тиешелүү прокурордук жооп кылуу актысы Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлдү.

Экотехмаминспекциянын борбордук аппаратына жана территориалдык бөлүмдөрүнө сыйлыктарды жана материалдык жардам берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген укук актыларын бузуу менен эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен кызматкерлерге сыйлык ишинин жыйынтыктары үчүн сыйлоо иретинде эмес, майрамдык даталарга шилтеме жасалып, айлык акыга кошумча катары төлөнгөн.

Алсак, 2016-жылы майрамдык даталарга карата жалпы суммасы 5 178 936 сом сылык катары төлөнгөн. Ошол сыяктуу эле 2017-жылы жалпы суммасы 2 030 666 сом сыйлык катары төлөнгөн. Сыйлык жалпы суммасы — 7 209 602 сомду түзгөн.

Андан тышкары белгиленген укук актыларын бузуу менен эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен инспекциянын кызматкерлерине материалдык жардам катары 2016-жылы 1 224 507 сом, 2017-жылы 1 816 317 сом жана 2018-жылдын январь айынан 4-сентябрга чейин 584 867 сом бөлүнгөн. Баардыгы 3 625 691 сом.

Мындан тышкары Экотехмаминспекциянын финансылык-экономикалык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери белгиленген талаптарды бузуп, кызматкерлердин айлык маянасын төлөп берүүдө өздүк карточка эсептерине маянанын өлчөмүнөн көп суммада каражат которулгандыгы жана ошол эле маалда кассадан накталай акча каражаттары берилгендиги текшерүүдө аныкталган.

2018-жылдын 1-сентябрына карата Экотехмаминспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянадан ашыкча төлөнгөн акча каражатынын көлөмү 396113 сомду түзгөн.

Экотехмаминспекциянын кассасынан белектерди сатып алуу үчүн 45 000 сом накталай акча каражаты мыйзамсыз берилип, ошондой эле белектерди алуу жана бөлүп берүү туурасындагы тастыктоочу документтер жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамынын талаптары боюнча сыйлыктарды жана материалдык жардамдарды төлөөнүн мыйзамдары, өздүк форманы сатып алууда жана аны таркатууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Экотехмаминспекция тарабынан камсыздоочуларга 1 167 335 сом которулган менен конкурстун негизинде тапшырылган товарлардын 796450 сомун гана түзгөн. Мындай жол менен камсыздоочунун эсебине 370885 сом ашыкча которулган, ал эми (өз убагында тапшырбагандыгы үчүн) айып санкцияларын эсепке алганда республикалык бюджетке 394800 сом кайтарылууга тийиш.

Экотехмаминспекция мамлекеттик сатып алуулар боюнча түзгөн келишиминин шарттары боюнча камсыздоочу тарап атайын жүк ташуучу 3 даана техниканы келишим түзгөн күндөн тартып 30 календардык күн аралыгында же болбосо 2018-жылдын 3-мартына чейин тапшырышы керек болчу. Бирок келишимдин шарттары камсыздоочу тарабынан аткарылган эмес жана бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүлгөн автомашиналар жеткирилип берилген эмес.

Экотехмаминспекция кызматкерлери үчүн формалык кийимдерди сатып алуунун жана бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүдө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалаган белгилери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун талаптары бузулгандыгы аныкталган. 2016-2017 жылдарга жана 2018-жылдын январь–сентябрь айларында республикалык бюджеттин эсебинен ведомстволук форма кийим кийүү каралбаган кенже жана техникалык тейлөө персоналдарына (иш кагаздар менен иштөөчү адис, башчынын катчысы, айдоочу) финансылык-экономикалык башкармалыктын 45 кызматкерине 268 055 сомго формалык кийим сатып алынган.

Комиссия тарабынан Экотехмаминспекцияда мамлекеттик жарандык кызмат боюнча мониторинг жүргүзүлүп, мыйзамды одоно бузуулар аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын бузуу менен «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 55-беренесинин негизинде эмгек келишими боюнча бош административдик мамлекеттик кызматтарга адамдарды дайындоо болгону аныкталган. Ушундай «убактылуу» дайындоолордун мөөнөтү көп убакытка созулат.

Кызматкерлер боюнча актыларды жана башка материалдарды талдоо көрсөткөндөй, бош кызмат орундарына дайындоодо кыска мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү менен кийин дайындалган адамдар ачык конкурста жогоруда көрсөтүлгөн негиздемелер менен катышуу практикасы байкалган. Анын жыйынтыгы менен алар мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык де-юре кызматка дайындалышкан.

Мындай фактылар мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын ишенбөөчүлүгүнө негиз болуп, конкурстун калыстыгына шек туудурат.

Экотехмаминспекциянын жетекчилигинин өз ишмердигин уюштуруусуна жана натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү алар өз ишмердигин оптимизациялоо жана сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иш жүргүзүлбөгөндүгүн көрсөттү. Инспекциянын жетекчилигинин компетенттүү эместиги жана керектүү квалификациянын жоктугу белгиленди.

Экотехмаминспекциянын жетекчилиги тарабынан антикоррупциялык саясат дээрлик жүргүзүлбөйт. Натыйжалуулукту баалоо жана талдоо жок, ведомстводо коррупциялык тобокелдерди жана коррупция көрүнүштөрүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөй, милдеттер коюлган эмес. Мындай жагдай Экотехмаминспекциянын тутумунда коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдүн туруктуу болушуна шарт түзөт.

Экотехмаминспекцияда түзүлгөн кырдаалга ыкчам жооп кылуу жана аны оңдоо максатында Комиссия төмөнкүдөй тыянакка келди:

Экотехмаминспекцияда ченемдик укуктук актыларга ылайык ага жүктөлгөн максаттарды жана милдеттерди тийиштүү деңгээлде ишке ашыра албайт. Мындай кырдаал бул мамлекеттик органдын ишмердигинин натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат Экотехмаминспекцияда иш жүзүндө аткарылбайт.

А.Мамбеталиеванын кайрылуусунда айтылган Экотехмаминспекциядагы мыйзам бузуулар, анын ичинде финансы жана кадрлар менен иштөө чөйрөлөрүндөгү кемчиликтер кандайдыр бир деңгээлде аныкталды. Ушунун өзү эле мыйзамда аныкталган милдеттерин ишке ашыруудагы Экотехмаминспекция жетекчилигинин жана профилдик багыттардын жетекчилеринин демилгесиздигин, иштеги одоно кемчиликтердин далили болуп саналат.

Комиссия иштеп жаткан учурда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан тийиштүү прокурордук жооп кылуу актылары киргизилди.

Комиссия кемчиликтерди четтетүү жана кадрлар менен иштөөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды берди.

А. Мамбеталиеванын кайрылуусу жалпыга маалымдоо каражаттарында коомдук резонанс жаратып, Экотехмаминспекцияда коррупция фактыларын ачыктаганы калк тарабынан колдоо тапканын, ошондой эле Комиссия тарабынан аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине Экотехмаминспекцияда бир катар кызмат адамдарынын, анын ичинде статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгуу жана башкармалыктардын начальниктеринен тартып, мамлекеттик органдын жетекчилигине чейин катуу тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн профилдик бөлүмдөрү Экотехмаминспекциянын ишмердигин регламенттеген колдонуудагы ченемдик актыларын, анын түзүмүн жана ведомствого жүктөлгөн милдеттерге жана максаттарга ылайык келээрин талдап чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий