• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды

Маданият 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. КР эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кыргыз улуттук театр өнөрүнүн мыкты актрисасы Анара Сыдыгалиеванын эл аралык сыйлыгы кут болсун”, - деген Раев.

Белгилей кетсек, эл аралык театр күнүнө карата ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түркиянын эң кадыр-барктуу “Театр” уюму 2022-жылдын Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр сыйлыгына татыктуулардын ысымын жарыялаган.

Сыйлык үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Түркиянын Стамбул шаарында тапшырылат.

Анара Сыдыгалиева Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Белгилүү театр жана кино актеру Азиз Мурадиллаевдин апасы.

Пикир

Оставить комментарий