• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Android телефондордун биз билбеген сырлары

Дүр дүйнө 0

Энергияны үнөмдөөнүн эң оңой жолу

Эгерде сиз Android-телефонуңуздун экраны үчүн кара же башка кочкул түстөрдү тандап алсаңыз, телефон же планшет зарядкасыз көпкө чейин иштеп калганын байкайсыз. Азырынча бул функция бардык эле андроиддерде иштей бербейт. Бирок көпчүлүгүндо бар, алсак, Samsung телефондорунда. Текшерип көрүңүз!

Текстти үн менен чыгаруу

Эгерде сиздин жабдуу Андроид болсо анда бул макаланы окуп гана эмес, уга дагы аласыз. Эгерде сиз окуганга караганда укканды жакшы көрсөңүз тескемелерден (настройка) “Атайын мүмкүнчүлүктөр” пунктунан текстти үн менен чыгаруу функциясын активдештирүү керек.

Смартфонду алыстан башкаруу

“Тескөөгө” -> “Коопсуздук” -> “Жабдуунун администратору” бөлүмүнө кирип “Android алыстан башкаруу” (Удаленное управление Android) бөлүмүндөгү “Жабдууларды алыстан издөөнү” (Удаленный поиск устройств) тандап коюңуз. Эми сиз эгерде смартфонуңузду жоготуп ала турган болсоңуз, анда бардык маалыматтарыңызды калыбына келтирип, бул сайт аркылуу чыгарып аласыз.

“Мейман режимин” күйгүзүү

Эгерде канча бир убакытка телефонуңузду башка адамга берип, бирок ошол эле учурда бардык жеке маалыматтарыңызды жашыруун сактоону кааласаңыз “Мейман режимин” тандап коесуз. Дисплейди эки манжаңыз менен ылдый сүртсөңүз, жогорку оң бурчунда колдонуучунун белгиси турат. Ошол эле жерде “Мейманды кошуу” функциясы чыгат, мына ушул жерден сиз ал адам бул жабдууда кандай аракеттерди жүргүзө аларын тандай аласыз.

Экрандык лупа

Көрүүсү начар адамдар бул функция алардын жашоосун канчалык жеңилдетерин билишпейт. “Атайын мүмкүндүктөр” -> Чоңойтуу жести “Жесты для увеличения” бөлүмүнө кирүү керек. Андан соң дисплейдин каалаган жерин чоңойтуп көрүүгө болот.

Жашыруун оюн

Android 2.3 Gingerbread баштап Google компаниясы бардык Андроиддерде колдонуучулар үчүн кичинекей белек даярдашкан. Аны табуу оңой эмес. “Тескөөгө” кирип, “Телефон жөнүндө” же “Планшет жөнүндө” пунктуна киресиз. Мындан “Версия Android” пунктун бир нече ирет тез басасыз. Экранда кичинекей зефир маршмеллоу пайда болот, аны дагы тезден бир нече жолу басыңыз. Ушул аракеттерден кийин атайын чакан оюн ачылат.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий