• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ангела Меркель герман өкмөтүнүн башчылыгынан расмий түрдө кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. 2005-жылдын ноябрь айынан бери Германиянын канцлери кызматын аркалап келген Ангела Меркель герман өкмөтүнүн башчылыгынан расмий түрдө кетти.

26-октябрда 20-чакырылыштагы Бундестагдын жыйынында президент Франк-Вальтер Штайнмайер Меркелге жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө ыйгарым укуктарынын аяктаганы жөнүндө грамоталарды тапшырды. Бул тууралуу “Немис толкуну” кабарлады. Штайнмайер Меркелдин канцлердик мөөнөтүн өлкө тарыхындагы эң белгилүү учур катары белгилесе болорун айтты.

Конституцияга ылайык, эми Меркель жана өкмөттүн калган мүчөлөрү Германияда жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин милдеттерин убактылуу аткарып турат.

Германияда парламенттик шайлоо 26-сентябрда болгон. Анын жыйынтыгына ылайык, Олаф Шольц башында турган Социал-демократиялык партия жеңишке жетишкен. Меркелдин Христиан-демократтар биримдиги менен Христиан-социалдык биримдигинин блогу (CDU/CSU) экинчи орунга чыккан. Өкмөттү түзүү үчүн азыр социал-демократтар, “Жашылдар” жана Германиянын Эркин демократиялык партиясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий