• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Англияда тоту куш өрт өчүрүүчүлөрдү чакырды

Дүйнө 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Англиянын жашоочусу анын Нортгемптонширдеги үйүнө өрт өчүрүүчүлөр келген учурда абдан таң калган. Маалым болгондой, анын тоту кушу өрт коопсуздук кызматынын үнүн абдан окшоштуруп туурайт экен.

63 жаштагы Стив Докерти боз түстөгү 17 жаштагы Жаз тоту кушун мындан туура бир жыл мурда багып алган. Бирок ал бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн кушунун таланттары тууралуу билген эмес.

Өзгөчө таланттуу куштун кожоюну билдиргендей, өрт өчүргүчтөрдү түтүн жабдыгын орноткон компаниянын операторлору чакырышкан. Кызматкерлер алар орноткон жабдык иштеп кетти деп ойлошкон.

Пикир

Оставить комментарий