• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Англиялык жигит Ысык-Көлдүн жээгинде сүйүктүүсүнүн колун сурады

Коом 0


Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Англиялык жигит Ысык-Көлдүн жээгинде сүйүктүүсүнүн колун сурады.

Бишкектеги туристтик компаниялардын биринин өкүлү Дамир Алымбек уулунун айтымында, кыз-жигиттер көп саякатташкан, бирок Кыргызстандын жаратылышы аларды абдан суктандырган.

“Пол (англиялык Paul Geoffrey Jenkinson) Кыргызстандан өзүнүн сүйүктүүсү Руттун (малайзиялык Ruth Liew Yi Ming) колун сурады. Январдын орто ченинде Рут мага жазып, эки адамга 2 күндүк тур уюштуруп берүүнү өтүндү. 29-январда мен аэропорттонн 2021-жылдагы алгачкы конокторумду тосуп жаттым, бирок аба ырайынын бузулуусуна байланыштуу учак коно албай Алматыга учуп кетти. 8 сааттан кийин гана алар “Манас” аэропортуна келишти”, - деди Дамир.

Буга чейин кыз Казакстан, Өзбекстанда болуп, досторунун кеңеши менен Кыргызстанга келүүнү кыялданып жүргөн экен.

“Албетте, программа боюнча 2 күндүк тур өткөрүү үчүн бизде убакыт аз калгандыгына абдан тынчсызданып жаттым. Конокторум келгенден кийин Пол мага сүйүктүүсүнүн колун сурай турганын айтты. Бул мага күтүлбөгөн жагымдуу жаңылык болду. Эми мен үчүн эң маанилүү тапшырма пайда болду. Мен романтикалуу, кызыктуу кылып уюштуруу үчүн эч ойлонбостон Ысык-Көлдүн жээгин тандап алдым. Бөтөлкө шампан, таттуулар, десерт, ысык чай биздин майрамды кооздоп турду. Уюштурууга жардам көрсөткөн Бөкөнбаевдеги кесиптештериме ырахмат айтам”, - деди уюштуруучу.

Сүйүшкөндөрдүн сүйүү тарыхы Дубайда башталган, кыз Англияда окуп, бирок иши боюнча Дубайга көчүп барган, ал жактан Полду жолуктурган, ал 10 жылдан бери ошол жакта жашаган.

“Алар бир жылдан бери кыз-жигит болуп жүрүшүп, мамлелеринин бир жылдыгын белгилөөдө жигит кыздын колун суроону чечкен. Мындан тышкары, менин конокторум Чоң-Кеминде ат минишип, боз үйдө укташты жана бүркүттөрдүн аң уулоосун көрүштү. Жаштардын ушундай кызыктуу иш-чара үчүн биздин өлкөнү тандаганы абдан жакшы көрүнүш. Жаштарга бакыт жана эч түгөнгүс сүйүү каалайм”, - дейт туркомпаниянын өкүлү Дамир Алымбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий