• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Англис тилинен сабак берген мугалимдер квалификациясын жогорулатуу курсунан өтөт

Билим 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2435 англис тилинен сабак берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсун баштады.

Аталган министрликтен басма сөз кызматы билдиргендей окутуулар Сапат мектебинин аянтында “Лингва” билим берүү борборунун тажрыйбалуу тренерлери тарабынан өткөрүлөт.

Ошондой эле, жаңы окуу жылына карата министрлик тарабынан бардык 5-класстар үчүн жаңы окуу комплекси иштелип чыгып, таратылары маалымдалды. Өкмөт тарабынан буга 33 млн сом бөлүнүп берилген.

Мугалимдерди окутуу курсун эл аралык “Сапат” мекемеси менен катар АКШ элчилиги жана “Аскар Салымбековдун прогрессивдүү демилгелер фонду” жана “Аркус” басмаканасы колдоого алган.

Пикир

Оставить комментарий