• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анкарада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өттү

Маданият 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-декабрында Анкара шаарында залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уулу жазуучунун айкели тургузулган анын атындагы паркта эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Билал Чакыжы, Анкарадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, студенттер, ММКнын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Иш-чарада элчи К. Өмүралиев менен мэр Т. Алтынок сөз сүйлөшүп, анда Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулган авторлорунун бири болгонун, ошондой эле кыргыз, түрк жана дүйнөлүк адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкондугун белгилешти.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун эстелигине гүл коюлду.

Пикир

Оставить комментарий