• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Анкарада Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы белгиленет

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-июнунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкарадагы Хажы Байрам Вели университетинин "Түркология - иш жүзүнө ашыруу жана изилдөө" борборунун директору Профессор Хүлйа Касапоглу Ченгел менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда элчи Кубанычбек Өмүралиев жана профессор Хүлйа Касапоглу Ченгел кыргыз тили илиминин жана жазма адабиятынын негиздөөчүсү, агартуучу, коомдук ишмер жана биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгын Түркияда белгилөө, түрк тили мекемесинде (TDK) даярдалып жаткан “Кыргыз ырларынын антологиясы” деп аталган эмгек жана башка маданият, илим-билим жаатындагы маселелер тууралуу сүйлөшүштү.

Жолугушуунун аягында Өмүралиев менен Ченгел элчиликтин алдыда боло турган иш-чаралары боюнча кызматташып, тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий