• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анкарада кинорежиссер Болот Шамшиев эскерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргыздын даңазалуу кинорежиссеру Болот Шамшиев Түркиянын Анкара шаарында эскерилүүдө. Бул тууралу ТҮРКСОЙдун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара анын туулгандыгынын 80 жылдыгына арналып, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Түркиядагы Yerli Düşünce коомдук уюму жана Кыргызстандын кинематография департаменти тарабынан биргелешип уюштурулду.

Анкара шаарындагы Büyülü Fener Sineması кино үйүндө даярдалган эл аралык иш-чара “Болот Шамшиев – 80” аттуу фото көргөзмө менен ачылды. Улуу таланттын чыгармачылык жана өмүр жолун чагылдырган фото-сүрөттөр менен Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин тааныштырды.

Ал эми кино залда Мурат Мамбетов даярдап келген 10 мүнөттүк “Кинорежиссер Болот Шамшиев” аттуу даректүү фильм көрсөтүлдү.

Болот Шамшиевди Анкарада эскерүү иш-чарасы дагы эки күнгө уланат.

Тактап айтканда, Анкара шаарында жайгашкан Гази университетинде “Болот Шамшиев – 80” фото көргөзмөсү жана кинорежиссердун “Эрте келген турналар”, андан кийин “Ак кеме” көркөм фильмдери көрсөтүлөт. Фильмдердин түркчө котормосу жазуу түрүндө берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий