• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Анкарада Курманжан датканын элесине арналган эскерүү маданий иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/.1-февралда Анкара шаарында тарыхый инсан Курманжан датканын элесине арналган “Азиянын биринчи генерал айымы” деп аталган эскерүү маданий иш-чарасы өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чараны Түрк тарыхый коомунун кеӊсесинде Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коому менен биргеликте уюштурган.

Эскерүү кече эки мамлекеттин гимндери менен ачылып, Курманжан датка тууралуу кыскача видео тасма көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында элчи Кубанычбек Ѳмүралиев, Түркиянын президентинин башкы кеӊешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын парламентинин (Улуу Улуттук Жыйынынын) мүчөсү, Кыргызстан жана Түркиянын парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Сабри Ѳзтүрк, Түркия Республикасындагы Жергиликтүү ой жүгүртүү коомунун башчысы, Түркиянын парламентинин мүчөсү Метин Гүндогду жана түрк профессору Абдулселам Арвас мырзалар Курманжан датканын өмүрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасашты.

Эскерүү сѳзүндѳ элчи Кубанычбек Ѳмүралиев өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы жана нукура дипломаттыгы менен тарыхта калган датка айым – өз балдарынын гана эмес, кыргыз элинин да мээримдүү энеси болгондугун, кыргыз элинин бейпилдигин камсыз кылуу үчүн өз уулун курмандыкка бергендигин, аткарган иштери, келечек муун үчүн унутулгус нерсе экендигин айтып ѳттү. Өзгөчө, Курманжан датканын жашыруун ат менен жарыялаган ырларын, акындык талантын да баса белгиледи.

Түркия Республикасынын президентинин башкы кеӊешчиси Ялчын Топчу Курманжан датканы бүткүл дүйнѳдѳгү айымдар үчүн үлгү катары тааныта турган кыргыздан чыккан түрк элдеринин баатыр аялзаты болгондугун белгиледи.

Түркиянын парламенттер аралык достук тобунун жетекчиси Сабри Ѳзтүрк ѳз сѳзүндѳ, Курманжан датка түрк дүйнѳсүндѳ кадыр баркка арзыган күчтүү генерал айым экендигин белгилеп, датка апабызды жоодо баатыр – үйдѳ кут деп эскерди.

Маданий иш-чарада, түрк профессору Абдулселам Арвас датка апабызды дүйнѳ тарыхында из калтырган айымдар менен салыштырып, кыскача өмүр таржымалы тууралуу баяндап, теңдеши жок зор инсан болгондугун белгиледи.

Аталган маданий кечеге Анкарадагы чет ѳлкѳлѳрдүн элчиликтеринин жана Түркиянын министрликтеринин, ведомстволорунун жана жергиликтүү аймактарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, түрк жана кыргыз студенттер, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү, анын ичинде Анкара шаарынын Чубук муниципалитетинде жашаган Алайдан келген этникалык кыргыздар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик ишмер, саясатчы, дипломат жана эл оозунда Курманжан датка жана Алай ханышасы деп аталган тарыхый инсаныбыздын атын Кыргызстандан тышкары Түркия жана түрк дүйнѳсүнѳ таанытуу болуп саналат.

Маалымат катары: Түрк тарых коому (Türk Tarih Kurumu) – Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу коомдук уюм, 1931-жылы Ататүрктүн демилгеси менен курулуп, Түркиянын жана түрк элдеринин тарыхын таанытуу жана изилдөө максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий