• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анкарада кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин түрк тилиндеги ыр китебинин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин "Köklerden Kanatlara Kadar/ Тамырлардан канаттарга чейин" аттуу түрк тилиндеги ыр китебинин бет ачары Анкара шаарынын Хамамөнү аттуу тарыхый районунда жайгашкан «Кабакчы» конок үйүндө өткөрүлдү. Бул тууралу кабар ТҮРКСОЙдун жана Евразия жазуучулар бирлигинин сайттарында жарыяланды.

Салтанатты Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы, илим доктору Якуп Өмероглу ачкан.

Куттуктоо сөздөрү менен ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары, профессор, доктор Фырат Пурташ, Түрк коломтолору (Türk Ocakları) уюмунун Бурса шаарындагы бөлүмүнүн төрагасы, профессор, доктор Селчук Кырлы чыгып сүйлөштү.

Иш-чарага Анкара шаарында иштеген, жашаган интеллигенциянын бараандуу өкүлдөрү, гүлдөрү, Түрк дүйнөсүнүн түрлүү улуттарынын калемгерлери катышты жана «Köklerden Kanatlara Kadar/ Тамырлардан канаттарга чейин» ыр китеби туурасындагы жылуу сөздөрүн толкундануу менен сүйлөштү.

Тактап айтканда, Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин мурдагы баш деректири, профессор, доктор Наил Тан, Анкара Хажы Байрам Вели Университетинен профессор, доктор Нажие Йылдыз, Анкара Йылдырым Беязыт университетинен доктор Огузхан Айдын, Түрк дүйнөсү Инженерлер жана архитекторлор союзунун баш катчысы, доктор Ильяс Демиржи, көрүнүктүү акын Али Акбаш, Дүйнө сөз академиясынын төрагасы, профессор, доктор Хайреттин Ивгин, Казакстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, доцент, доктор Аскар Турганбаев, түркиялык жазуучу Осмон Чевиксой, Анкара университетинин ага окутуучусу, профессор, доктор Гүлзура Жумакунова, китептин котормочулары: акын Кенан Чарбога, акын, филология илимдеринин доктору Калмамат Куламшаев, Анкара Хажы Байрам Вели Университетинин ага окутуучусу, доцент, доктор Жемиле Кынажы, Дүйнө жазуучулар союзу жана Айдынлар (интелигенция) уюмунун төрагасы, доктор Осман Баш жана азербайжандык адабиятчы-аспирант Жавит Мөвсүмлү өздөрүнүн чакан докладдарында Кожогелди Култегиндин чыгармачылыгындагы урунттуу жагдайларды талкууга коюлган китебинин мисалында баяндап беришти.

Салтанатка Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин кеңешчиси, учурда Элчи милдетин аткарып жаткан дипломат Айбек Акаев жана бир катар кыргыз жарандары да катышты. Кыргыз ырчысы Гүлира Касымкулова кечеде аткарган «Сары-Ой» баштаган кыргыз обондоу катышуучулардын көңүлүнө шай келип, кыйла жанданууну жаратты.

Пикир

Оставить комментарий