• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анкарада кыргыздар 10 баланын тушоо тоюн өткөрүштү

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Түркиянын борбору Анкаранын Жеңиш паркында кыргызстандыктар тушоо той өткөрдү. Бул тууралуу TRT кыргызча басылмасы жазып чыкты.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана элчиликтин кызматкерлери менен катар Анкарадагы кыргыздар катышты.

“Салтка ылайык, тушоосу кесиле турган он бала үчүн жарыш уюштурулуп, алдыда келип тушоону кескендерге сыйлыктар берилди. Дастарконго кыргыздын тамактары коюлуп, балдарга каалоо-тилектер айтылды. Ошондой эле ыр-күүлөр чертилип, жакшы маанай тартууланды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий