• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Анкарада “Кыргызстан кечеси” өттү

Маданият 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарындагы Кечиорен районунун муниципалдык башкармалыгы менен биргеликте “Кыргызстан кечесин” өткөрүштү. Салтка айланган бул иш-чара ар жыл сайын Орозо айына карата өткөрүлүп келет. Бул туурасында КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Иш чарада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Түркия парламентинин депутаты Х.Карал, Кечиорен районунун башчысы Мустафа Ак жана Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышышты.

Ошондой эле, Анкарага Кечиорен району менен кызматташтыкты бекемдөө максатында келген Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев баштаган өкүлдөр катышты.

Ибрагим Жунусов өз кезегинде кеченин ачылышында, чакырылгандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктап, ал дүйнө элдерин бириктирип, адамдардын бири бирине болгон мамилесин жакшыртаарын баса белгиледи.

Кечеде белгилүү эстрада ырчысы Жумагуль Раимжан кызы, «Ак-Ниет» музыкалык жамааты чыгармаларын тартуулап, «Кыргыз үйүнүн» ачылышы уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий