• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Кыргызстанды, анын тарыхый жана маданий баалуулуктарын, ошондой эле туризмин таанытуу максатында 2021-жылдын 6-июлунда Кыргызстандын элчилиги тарабынан Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата аталган миниcтрликте сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган 61 сүрөт коюлду.

Иш-чарага Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Түркия парламентинин депутаттары, Анкара шаарындагы элчилер, Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, эл аралык жана коомдук уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн, маалымат каражаттарынын, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө кыргыз элинин жана өлкөнүн 2300 жылдык тарыхы бар экендигине көңүл бурду. Ал быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн гана эмес, өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленээрин билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстандын демократиялык реформаларды ырааттуу жүргүзүү, мыйзамдуулукту бекемдөө, адам укуктарын коргоо жана өнүктүрүү максатын белгилеп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине толук бойдон баш ийип, буга чейин кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди так аткарып жаткандыгын белгиледи.

Явуз Селим Кыран сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында сүйлөп жатып, Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкө болгонун белгиледи. Ал өлкөлөрдүн ортосундагы бардык тармактардагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Биргелешкен күч-аракеттерди жумшап Кыргызстан менен соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүү максатына жакын арада жетүүгө үмүттөнөрүн билдирди. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдүн ортосундагы аралык 3 миң чакырымдан ашык болсо дагы, көргөзмөнүн коноктору сүрөттөр аркылуу Кыргызстандын бай тарыхын жана маданиятын көрө алышарын кошумчалады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигиндеги сүрөт көргөзмөсү 2021-жылдын 13-июлуна чейин өтөт.

Бул сүрөт көргөзмөсү буга чейин президент Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын президенттик Сарайында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу менен жана Түркиянын вице-спикеринин катышуусу менен түрк парламентинде өткөн.

Пикир

Оставить комментарий