• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Анкарада орус элчисинин өлүмү боюнча сот башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.19 /Кабар/. Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө шектелген адамдардын үстүнөн сот башталды. Бул тууралуу Би-Би-Си кабарлады.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө 28 айыпталуучунун АКШда жашап жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүлен менен анын FETO уюмуна тиешеси бар экени аныкталган.

Карлов 2016-жылы 19-декабрда Заманбап искусство борборундагы сүрөт көргөзмөсү ачылып жаткан маалда өлтүрүлгөн. 22 жаштагы Мевлүт Мерт Алтынташ «Аллаху акбар! Алеппону унутпагыла!» деп кыйкырып, дипломатты көздөй бир нече жолу ок чыгарган.

Алтынташ өзү коопсуздук кызматкерлери менен болгон атышуу маалында өлтүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий