• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Анкарада Садыр Жапаровдун катышуусундагы видеоролик көрсөтүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги 8 санариптик билборддо КР президенти Садыр Жапаровдун катышуусундагы Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу видеоролик көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул акция туристтерди тартуу жана өлкөбүздүн туристтик потенциалын, анын ичинде кышкы туризмди алдыга жылдыруу максатында Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Этимесгут муниципалитетинин мэриясы тарабынан ишке ашырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанда лыжа тебүүгө чакырган.

Пикир

Оставить комментарий