• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анкарада СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев эскерилди

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70-жылдыгына арналган эскерүү маданий иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте уюштурган.

Иш-чаранын алкагында, кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, даӊазалуу кыргыз балерини Чолпонбек Базарбаевге арналган эскерүү сѳздѳрү, сүрѳт кѳргѳзмѳсү жана «Аккуу кѳлү» балети тартууланды.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дюсен Касеинов атактуу артисттин ѳчпѳс ѳнѳрлѳрүн белгилеп, кыргыз маданиятында кайталангыс талант экендигин айтып ѳттү.

Эскерүү сѳзүндѳ элчи Кубанычбек Өмүралиев кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныта алган жылдыздын кыргыз маданиятына кошкон эмгектерин белгилѳѳ менен, Чолпонбек Базарбаевдин ысымы кыргыздын кыйырынан ашып, башка боордош элдерге, чет мамлекеттерге чейин белгилүү болуп таанылып келгендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий