• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Анкарада ТМУ саммитинин кезексиз жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 16.03.23./Кабар/. Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

- Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы

- Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө.

Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий