• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анкарадан учкан биринчи каттамды «Манас» аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты

Коом 0

Бишкек, 03.06.23./Кабар/. Бүгүн AnadoluJet авиакомпаниясынын (Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы) Анкара–Бишкек–Анкара багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттамы келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

Салтанаттуу ачылышта «МЭА» ААК Аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, бүгүн компания үчүн абдан маанилүү күн, анткени «МЭА» ААКнын тарыхында биринчи жолу түрк тилдүү эки өлкөнүн - Кыргызстан менен Түркиянын борборлорунун ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылууда.

«Түз авиакаттамдардын ачылышы менен эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер дагы да бекемделет деп ишенем. Бул дагы Кыргызстандын туризминин жана экономикасынын өнүгүшүнө салым кошот», - деди ал.

«Жумасына 4 каттам ачуу – бул башталышы гана. Август айынан баштап Бишкектен Анкарага каттамдар күн сайын аткарыла баштайт», - деп Бишкектеги Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкы директору О.Шафак Күчүкчолак кошумчалады.

Иш-чарага «МЭА» ААКнын жетекчилиги, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган, «AnadoluJet» авиакомпаниясынын башкы директорунун орун басары Мажит Бояр, «Манас» университетинин ректору Алпарслан Жейлан жана башкалар катышты.

Учуунун убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.

Анкарага каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. 2023-жылдын август айынан тарта каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.


AnadoluJet ЛоукостериTurkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы болуп саналат.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиа билеттерди сатпай турганын жана бааларды жөнгө салбай тургандыгын эскертет. Ошондой эле, авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржылык маселелерге кийлигишпейт.

Пикир

Оставить комментарий