• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Анкаранын Чаңкая районундагы КР жарандарынын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 2021-жылдын 23-сентябрында Анкара шаарынын Чаңкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделен менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Анкаранын Чаңкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле Чаңкая аймагында Кыргызстан атындагы парк ачып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюстун тургузуу тууралуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий