• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аномалдуу ысык жана кургак аба ырайынан кийин суук болот

Коом 0

Бишкек, 03.11.17. /Кабар/. Аномалдуу ысык жана кургак аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 3-ноябрда күндүз жана 4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-5-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

6-7-ноябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий