• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анталья шаарында Кыргызстан менен Малайзиянын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-июнунда Түркиянны Анталья шаарында өтүп жаткан Дипломатиялык форумга катышуунун алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаевдин жана Хишаммуддин Хуссейн жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, мындан ары өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти жана 2021-жылы биринчи Кыргыз-Малайзия Тышкы иштер министрликтери аралык консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты.

Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду мындан ары тереңдетүү максатында тышкы саясий ведомстволордун башчылары өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны кеңейтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий