• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Анталияда Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду

Маданият 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Анталияда белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазышты.

Маалыматка ылайык, Муратпаша муниципалитетине караштуу Гүзелоба районунда жайгашкан жана жакында китеп кафеси катары кызмат кыла баштай турган «Чыңгыз Айтматов» атындагы паркта дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусунун айкели азем менен ачылды.

Иш-чарага Муратпаша муниципалитетинин вице-мэри Хүсейин Сары, КР маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усөнов, Түрк дүйнөсү платформасынын төрагасы Мустафа Йылмаз, коомдук ишмер, экономист-ишкер Кеңешбек Алян уулу, коомдук ишмерлер, Түркиядан жана Кыргызстандан көптөгөн коноктор катышты.

Жазуучунун айкелин скульптор Бообек Арыков жасаган, демилгечиси Барно Уманова.

Пикир

Оставить комментарий