• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Анталияда Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарын сойкулукка мажбурлаган топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Анталиянын Манавгат шаарында түрк полициясы интимдик кызмат көрсөткөн жай уюштуруп, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарын сойкулукка мажбурлаган топту кармаган.

13 даректе жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө 3 аял жана 6 эркек кармалган. Шектүүлөр О.Д., О.Ч., Е.О., М.О., С.Х.A. жана C.Г., соттун чеими менен камакка алынышкан, - деп билдирет haberler.com порталы.

Операциянын жүрүшүндө маалым болгондой, Азербайжандын жараны Зульфия Севкозиева, Гүлнара Мамажанова жана мейманкананын ээси А.Юсуф Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарын (кыз-келиндер) мейманкананын ичинде интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан.

Алар интимдик жай уюштуруу жана адам сатууга шектелип кармалышкан. Рейддин жүрүшүндө 10 кыз-келин куткарылган, алардын 7си чет элдикдер болгон. Чет элдик жарандар депортация үчүн Анталиянын борбордук иммиграциялык башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий