• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Анталияда сойкулук кылган кыздар кармалды, арасында кыргызстандык кыз бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында сойкулукка каршы атайын иш-чаранын жүрүшүндө 22 адам кармалган, алардын 10у чет элдик жарандар болгон.

haberler.com порталы билдиргендей, атайын операциянын жүрүшүндө үйдө, жатакана жана мейманканаларда Кыргызстандын 1 жараны, Өзбекстандын 5, Түркмөнстандын 3 жана марокколук 1 кыз кармалган. Калган кармалгандар сойкулардын кураторлору болуп чыккан.

Кармалгандардын унааларынан жана жашаган үйлөрүнөн көп сандагы компьютерлер, телефондор жана акчалар (15 миң лир жана 5 миң 500 доллар) табылган.

Чет элдик жарандар миграция кызматына өз мамлекетине депортация кылуу үчүн жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий