• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө чоң салым кошту – Айдар Мамбеткадыров

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши шайлоо алдында “Таза жана адилеттүү шайлоо үчүн – өлкөнүн ар намысы үчүн” деген платформаны демилгелеп, шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүүсүнө чоң салым кошту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы эксперти Айдар Мамбеткадыров билдирди.

Анын айтымында, аталган платформа административдик ресурс колдонууну, кандайдыр бир мыйзамсыздыктарды алдын алуу менен шайлоочулардын аң-сезимине өзгөртүү киргизүүнү, алардын жүрөгү менен тандаган талапкерге добуш берүүсүн камсыздоону максат кылган.

“Биз мындай иштерди президенттин саясатын колдоо ирээтинде Бишкекте гана эмес, ар кандай тегерек стол, чогулуштарды жана флешмобдорду уюштуруу менен аймактарда дагы өткөрдүк. Активдүү жаштар биздин демилгени колдоп, облустарда, райондордо жана айылдарга чейин оюбузду жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү”, - деди ал.

Ал белгилегендей, бул аралыкта жарандардан тигил же бул талапкердин, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин мыйзамдуулугу боюнча көптөгөн арыздар келип түштү.

“Биз бул арыздар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен тыгыз иштеп, тиешелүү чараларды көрдүк”, - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Добуш берүү биринчи жолу аралаш система менен өттү. Алсак, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча шайланды.

Жалпысынан шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 286 талапкер катышты.

Автоматтык эсептөө урналарынын алдын ала маалыматы боюнча 6 партия 5%дык чектен өттү.

Пикир

Оставить комментарий