• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Антимонополия агенттиги социалдык маанилүү товарлардын баасына көзөмөл жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күн сайын социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүп келет. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-августуна карата 294 кыдыруу ишке ашырылып, 1439 объектиде түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында бузууларга соода ишинин субъектилерине 47 көрсөтмө, ошондой эле мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө 142 алдын ала билдирүү берилип, Мамлекеттик агенттиктин белгиленген максимумдук чекене үстөк жөнүндөгү буйругун аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы «Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» №184 токтомун аткаруу максатында КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги «Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» №242 токтомуна ылайык, 2021-жылдын 25-майындагы Мамагенттиктин №16 буйругу менен өсүмдүк күн карама майына жана кум шекерди өндүрүүчүлөрдүн жана/же импортточулардын дүң-өткөрүү баасына максимумдук чекене үстөк белгиленген.

Мамагенттик күн сайын жогоруда белгиленген товарлардын баасына мониторинг жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий