• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Антипонополия агенттиги сабизге бааны убактылуу жөнгө салууну киргизиши мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу органы сабизге бааны убактылуу жөнгө салууну киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу кеңешмеде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин атаандаштык чөйрөсүн анализдөө жана ЕЭК менен өз ара аракеттенишүү бөлүмүнүн жетекчиси Лариса Шустика билдирди.

Ал сабиздин баасына байланыштуу кырдаал оор экенин белгиледи. “Эгер өткөн жылдын июнь айында бир килограмм сабиздин баасы 20 сом болсо, бүгүнкү күндө 100 сомго чыкты. Мындай кырдаал өлкөнүн бардык облустарында байкалууда”, - деди ал.

Анын айтымында, базарларда сабизди алып-сатуу баасы жогорулап жатканы байкалууда.

Муну менен катар Шустика башка өлкөлөрдөгү базарларда дагы баа ушундай экенин белгиледи. “Мисалы, Казакстанда сабиздин баасы 98 сом, Беларуста – 76 сом, Арменияда – 80 сом, Россияда 86 сомго чыкты”, - деди ал.

Лариса Шустика баалардын жогору болуп жатканы кургакчылыкка байланыштуу экенин түшүндүрдү. Ошол эле учурда ал сабиздин эски түшүмүн сактоо баалары ошол бойдон калганына көңүл бурду. “Дүн сатуучулар тарабынан алып-сатарлык менен баанын жогорулап кеткен фактыны көрүп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий